14
Август
Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамынын жыйыны өттү
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын башталышынын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларын жылуу тосуп алып, кезектеги жыйындын алкагында кабыл алынган чечимдер Союздун алкагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, экономиканын өсүшүн жана калктын жыргалчылыгын жогорулатаарына ишеним билдирди.
Кеңейтилген курамдагы ЕӨАКнын жыйыны 15-августта өтөөрү белгиленди. 14-15-августта өтүүчү ЕӨАКнын жыйынынын күн тартибине жалпысынан 20 маселе киргизилген.