14

Август

2025

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди

Ысык-Көл облусу, “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту, 2025-жылдын 14-августу  — Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына сапар менен келди.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.