18
Август
Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибин токтом менен бекитти.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул токтом калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында кургак учуктун жайылышын алдын алуу, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 117-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.