19

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 19-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
 
Жыйындын жүрүшүндө республиканын бардык аймагында, өзгөчө Жалал-Абад облусунда майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер кенен каралды.

Адылбек Касымалиев бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде жаңы ишканалардын жана социалдык объектилердин ачылышын жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө майрамга даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн отчеттору угулду. Атап айтканда, республика боюнча өнөр жай жана социалдык объектилерди жана ишканаларды салтанаттуу ишке киргизүү, майрамдык иш-чаралардын концепциялары жана программалары, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу, транспорттук камсыздоону жана логистиканы уюштуруу маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерге жана ведомстволорго белгиленген бардык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга багытталган бир катар далилдүү тапшырмаларды берди.