20

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёеванын жолугушуусу болду

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 20-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Өзбекстан Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, биргелешкен ишканалардын саны көбөйүп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланыштар активдешип жатканын кошумчалады.

Тараптар соода-экономикалык мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгилешип, өз ара сооданын көлөмү 2 млрд долларга чейин жетээрине өз ара ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттеринин Администрацияларынын өз ара аракеттенүү маселелерине, анын ичинде мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун келечеги, мамлекеттик органдардын ишине инновациялык технологияларды киргизүү жана административдик жол-жоболордун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашууга да көңүл бурулду.

Саида Мирзиёева өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек кызматташтыгын кеңейтүүнүн келечегин белгиледи. Ал Кыргызстан аймактагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, эки боордош өлкөнүн аймактык биримдикти чыңдоого багытталган жалпы максаттары менен милдеттерине токтолду.

Жолугушуунун соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүк деминде мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.