20
Август
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Beeline” менен “Элдик Банктын” бириккендигине арналган иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Скай Мобайл” компаниясы (Beeline бренди) менен “Элдик Банк” ААКнын бириккендигине арналган иш-чарага катышты.
Белгилей кетсек, “Элдик Банк” ААКсы “Скай Мобайл” компаниясынын 100% акциясына ээ болгон.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул санариптик экосистеманын курулушунун башталышы экенин, мында банк жана телекоммуникациялык кызматтар, электрондук төлөмдөр, электрондук базарлар жана мамлекеттик кызматтар өлкөнүн ар бир жараны үчүн, Кыргызстандын кайсы бурчунда болбосун жеткиликтүү бирдиктүү механизм катары иштей турганын белгиледи.
"Биринчиден, бул стратегиялык кадам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ырааттуу жана көрөгөч саясатынын аркасында мүмкүн болгонун белгилегим келет. Бул амбициялуу долбоорду ишке ашырууга саясий эркти, институттук негизди жана инвестициялык чөйрөнү түзгөн мамлекет башчынын колдоосу болду. Бул транзакция M&A жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарына толук ылайык жүргүзүлдү, бул биздин алдыңкы дүйнөлүк компаниялар жана инвесторлор менен кызматташууга даярдыгыбыздын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев Кинистрлер Кабинети “Beeline” жетекчилигинен тейлөөнүн жогорку стандарттарын гана сактаганын эмес, инновацияларга тез өтүү, бешинчи муундагы тармактарды (5G) өнүктүрүү, санариптик платформаларды жана жаңы муундагы кызматтарды киргизүү, аймактарда телекоммуникациялык инфраструктураны жакшыртуу, стартаптар, финтек компаниялары жана IT-бизнес үчүн шарттарды түзүүсүн күтөөрүн айтып, “мамлекет өз кезегинде бул аракеттерди колдойт”, - деп билдирди ал.
Иш-чаранын алкагында компаниянын мындан аркы ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүлдү.