21

Август

2025

МинКаб Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Анын максаты Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү.

Токтом менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы –  паспорту (ID-карта) жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө Жобо кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун бланктары аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилди.