22
Август
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Бишкек, “Ата-Бейит”, 2025-жылдын 22-августу – Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.