26
Август
Адылбек Касымалиев: Бүгүнкү кыргыз-герман бизнес-форуму – бул оң жыйынтыктарды чыгаруу жана өнөктөш катары гана эмес, дос катары да кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн сонун мүмкүнчүлүк
Чолпон-Ата, «Рух-Ордо» маданий борбору, 2025-жылдын 26-августу – Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстанда Германиянын экономикасынын күндөрү» форматындагы иш-чаралардын алкагында уюштурулган кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстанда Германия экономикасынын күнү» болуп өттү.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.
Министрлер Кабинетинин башчысы форумдун катышуучуларына кайрылып, анын Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшүнүн символикалуулугун баса белгилеп, ал 2023-жылы Гамбургда башталып, Германиянын негизги экономикалык борборлору – Франкфурт-на-Майне жана Мюнхенде уланган жолугушуулардын биринчи циклинин аякташын билдирерин белгиледи.
«Бүгүнкү бизнес-форум – бул биздин биргелешкен ишибиздин оң жыйынтыктарын чыгаруу жана өнөктөш катары гана эмес, дос катары да кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн сонун мүмкүнчүлүк», – деп билдирди Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын өзгөчө белгиледи. Ал Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүн белгилеп, өлкөнүн ИДПсы 2025-жылдын январь-июль айларында 11,5%га көбөйгөнүнө көңүл бурду.
Ошондой эле административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, салык системасын модернизациялоо жана санариптик сервистерди киргизүү аркылуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди. Адылбек Касымалиев айыл чарбасын кызматташтыктын маанилүү багыты катары белгиледи.
«Климаттык өзгөчө шарттар жана экологиялык таза продукция Кыргызстанды кайра иштетүү, экспорттоо жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча жагымдуу өнөктөш кылат», – деп белгиледи ал.
Энергетика тармагына токтолуп жатып, Министрлер кабинетинин башчысы республиканын гидроэнергетика жаатындагы позициясын бекемдөө боюнча сөзүн улап, ошол эле учурда кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүп жатканын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагынын, өзгөчө сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Министрлер кабинетинин башчысы Германия Кыргызстандын алдыңкы туристтик өнөктөштөрүнүн катарына туруктуу кирерин баса белгиледи. 2024-жылы республикага Германиядан 23 миңден ашуун турист келген, ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 10 миңден ашты. Эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган экотуризм, мейманкана инфраструктурасы жана маданий демилгелер жаатындагы биргелешкен долбоорлор келечектүү деп аталды.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Кыргызстан инновациялык, туруктуу жана дүйнөгө ачык экономика курууга умтуларын баса белгилеп, Германия менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө даяр экенин билдирди.
«Кыргызстан дүйнөгө ишенимдүү, болжолдуу жана динамикалуу өнөктөш катары ачылып, ар кандай тармактарда кызматташууга даяр. Ишенимге, өз ара урматтоого жана конструктивдүү кызматташууга таянып, Кыргызстан менен Германия туруктуулукту бекемдеп, өлкөлөрүбүздүн гүлдөп өсүшүн камсыздай алат деп ишенебиз», – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.