26

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармс менен жолукту

Чолпон-Ата, “Рух Ордо” маданий борбору, 2025-жылдын 26-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отурумунун алкагында Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармс менен жолукту. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Германиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги такай саясий диалог түзүлүп, экономикалык байланыштар жанданганын белгиледи. Бул багытта Адылбек Касымалиев Германия Кыргыз Республикасынын маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2022-жылдан бери эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү, Германиядан келген инвестиция 3 эсеге өскөн. 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Германия менен соода жүгүртүүсү дээрлик төрт эсеге өстү.

“Биз герман компанияларынын инвестициялоо үчүн эң келечектүү багыттары IT сектору, анын ичинде маалымат борборлорун, логистикалык хабдарды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу, анын ичинде “жашыл суутек” өндүрүү тармагындагы изилдөөлөр деп эсептейбиз, ошондой эле тоо-кен тармагы. Кыргызстан биздин өлкөдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон герман компанияларын ар тараптан колдоого даяр”, - деди ал. 

Өз кезегинде Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармс меймандостук жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, эки тарапка тең пайдалуу бир катар далилдүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.