26
Август
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG Башкармасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту
Чолпон-Ата, “Рух Ордо” маданий борбору, 2025-жылдын 26-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG” компаниясынын аткаруучу директору, “Rhenus SE” компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту. Жолугушуу “Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отурумунун алкагында өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасында соода-логистикалык инфраструктураны куруунун келечегин талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы компания менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, Германиянын алдыңкы тажрыйбасына, технологияларына жана инвестицияларына кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде “Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG” компаниясынын аткаруучу директору, “Rhenus SE” компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс өлкөнүн логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин ырастады.