27
Август
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолукту
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 27-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгамды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле түрдүү чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейткендиги үчүн Элчиге ыраазычылык билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстан Пакистанды ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгилеп, кыргыз-пакистан мамилелери мындан ары да тереңдейт деген ишенимин кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Эдил Байсалов Хасан Али Зайгамга келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.