27

Август

2025

Министрлер Кабинети жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка кезектеги чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, Республикалык чакыруу комиссиясы райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына жетекчилик кылуу, жарандардын райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине карата даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жаатындагы мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларынын жыйноо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылуу, аларды кызмат өтөөчү жерге жөнөтүү алдында мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды контролдук медициналык кароодон өткөрүү; ден соолугу кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 2025-жылдын сентябрь – ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка, ошондой эле альтернативдик кызматка чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан бошотууга укугу жок, ошондой эле чакыруудан бошотууга укугун жоготкон эркек жынысындагы жарандарды чакыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу тапшырылды.