27
Август
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтом менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.
Мекеме Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.