27

Август

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер Кабинетинин кеңешинин жыйынын өткөрдү

Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 27-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер Кабинетинин кеңешинин жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген: 

• 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору; 

• 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бюджетинин аткарылышы. 

Эки маселе боюнча тең Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады. Ал 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору, ошондой эле 2026-2028-жылдарга бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар жөнүндө баяндама жасады. 

Финансы министри ошондой эле 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бюджетинин аткарылышы жөнүндө баяндама жасады. 

Күн тартибиндеги маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча финансы министринин баяндамалары эске алынды. 

Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин 2025-жылга бекитилген республикалык бюджетте каралган мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында каражаттарды толук өздөштүрүүнү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.