30
Август
Кыргызстан эгемендүүлүгү: Энергетика тармагында аткарылып жаткан иштер
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылга карата негизги жана маанилүү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат.
Өлкөнүн энергетика тармагындагы энергетикалык тартыштыкты жоюу, тармакты өнүктүрүү, генерацияны көбөйтүү. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин энергетика тармагына койгон тапшырмасы.
Энергетика министрлигинин 2025-жылга койгон планынын негизинде ири ГЭСтерди реконструкциялоо жана кубаттуулугун которуу боюнча алгыктуу иштер аткарылууда. Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегаты реконструкцияланууда. Станцияны реабилитациялоо долбоору 2015–2026-жылдар аралыгында үч фаза менен ишке ашууда. Гидроагрегаттар жана гидротехникалык жабдуулар алмаштырылып, башкаруу системалары жаңыланууда. Жыйынтыгында станциянын кубаттуулугу 1200 МегеВаттан 1440 МВтка чейин жогорулайт. Бул өз кезегинде энергетика тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Эскерте кетсек, буга чейин ГЭСтин 3 агрегаты реконструкцияланып, кубатттуулугу жогорулаган.
Муну менен катар Үч-Коргон ГЭСи модернизацияланууда. Анын бир агрегатынын кубаттуулугу 45тен 54 мегаваттка жогорулатылды. Күч трансформатору жаңыланды. Азыр дагы бир агрегатын алмашытруу иши жүрүүдө. Ошондой эле 2026-жылы дагы эки агрегатты бир убакта алмаштыруу каралууда.
Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу – бул Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу жана аймактык кызматташтыкты чыңдаган “кылым долбоору” болуп саналат. ГЭСтин техникалык экономикалык негиздемеси, айлана жана социалдык чөйрөгө тийгизчү таасирди баалоо документтери эл-аралык стандарттарга ылайык бүткөрүлдү. Дүйнөлүк банк бул иштерди ишке ашырууга жалпысынан 18,6 млн АКШ долларын бөлдү. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулуш иштерине Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан үчүн 1,5 млрд АКШ долларын каржылоого алдын-ала макулдугун берди. Андан сырткары эл аралык каржы институттар долбоорду каржылоого даярдыктарын билдиришти. Эскерте кетсек, азыр Бишкек–Ош жолунан Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулуш тилкесине жеткирүүчү жол аяктап, транспорттук тоннели толук бүткөрүлүп, ички жолдорду бетондоо иштери жүрүүдө. 110 киловольттук аба чубалгысы жана 110/6 киловольттук көмөк чордон курулуп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Куруучулар үчүн убактылуу шаарчанын пайдубалы бүткөрүлүп, имараттардын металл конструкциялары орнотулууда. Бул алдын ала даярдоо иштерге мамлекеттик бюджеттен 4,0 млрд сом бөлүнгөн.
Ал эми, Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү долбоору Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашууда. Агрегаттын кубаттуулугу 120 мегаватт болуп, өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат. ГЭСтин экинчи гидроагрегатынын ишке киргизүүнүн маанилүү бөлүгү болгон – Лот 2 боюнча жумуштар жигердүү жүрүүдө. Эскерте кетсек, Лот 2нин ишке ашырылышы Камбар-Ата-2 ГЭСинин долбоору үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал заманбап бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү жана электр берүү линияларын курууну камсыз кылып, аймактагы электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары Энергетика министрлиги тарабынан Чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 130,76 МВт болгон 39 чакан ГЭС жана Чүй облусунда жайгашкан, жалпы кубаттуулугу 1,95 МВт болгон күн электр станциялары иштейт.
2030-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 433 МВт болгон 49 чакан ГЭС ишке киргизилип, болжол менен 1,7 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда. Ошону менен бирге күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча жалпы кубаттуулугу 5200 МВт болгон долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 11 инвестициялык макулдашуусу жактырылган. Муну менен катар Нарын облусунда кубаттуулугу 150 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча аукцион өткөрүлүүдө.
Энергетика министрлигине караштуу “Чакан ГЭС” иишканасы да бир нече кичи ГЭСтерди куруу иштерин активдүү алып барууда. Тагыраак айтканда, “Орто-Токой”, “Каракөл”, “Папан” сыяктуу бир катар ГЭСтердин курулушун жүргүзүүдө. Буга чейин дагы чакан ГЭСтердин көч башында турган Бала-Саруу ГЭСин ийгиликтүү ишке киргизе алды.
Бүгүнкү күндө “Чакан ГЭС” “Орто-Токой” ГЭСин куруу иштерин 67%га аяктады. Иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Ушул убакытка чейин курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду, куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады. Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык тоннели казылып, анын 123 метри арматураланып, бетондолду. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.
Ал эми Жалал-Абад облусундагы Кара-Суу дарыясынын боюндагы Каракөл ГЭСинин курулушу бүгүнкү күндө 80% бүттү. Бүгүнкү күнгө чейин башкы суу алуучу курулуш толугу менен бүткөрүлдү. Каракөл ГЭСинин курулушу болжол менен быйылкы жылдын аягына белгиленген.
Эгемендүүлүк күнүнө карата дагы 4 чакан ГЭС ишке кирди. Алардын бири Жалал-Абад облусунда Аксы ГЭСи, кубаттуулугу 4,75 МВт. Чүйдө дагы бир электр станциясы ишке кирди, ал Ысык-Ата-2 ГЭСи, кубаттуулугу 4 МВт. Ысык-Көл облусунда болсо кубаттуулугу 5,4 МВт болгон Боз-Учук ГЭСи жана 9 МВттык Кой-Суу ГЭСи пайдаланууга берилди.
Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин дагы 13 чакан ГЭС ишке киргизүү пландаштырылууда. Белгилей кетсек, 2021-2024-жылдар аралыгында 19 чакан ГЭС пайдаланууга берилген. Пайдаланууга берилген ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 65,3 МВт түзөт. ГЭСтердин эң көп саны 2024-жылы ишке киргизилди (8 чакан ГЭС - 48,84 МВт), жана дал ушул жылы жалпы кубаттуулуктун эң чоң өсүшү байкалган. Атап айтканда, пайдаланууга берилген Бала-Саруу ГЭСинин кубаттуулугу 25 МВт болгон 2024-жылы ишке киргизилген жалпы кубаттуулукту бир топ көбөйткөн.
Муну менен катар күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө.Азыркы учурда өлкө боюнча жалпы кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн 10 станция иштеп жатат.