01
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Мугалимдик эмгектин ардагери Ракыя Калыкованы Билим күнү менен куттуктады
Бишкек, 2025-жылдын 1-сентябры – Билим күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 45 жылдык стажы бар математика мугалими, педагогика эмгегинин ардагери Ракыя Калыковадан кабар алды.
Ракыя Калыкова 1936-жылы туулган, өмүрүнүн 45 жылын жаш муундарды окутуу жана тарбиялоодогу асыл ишке арнап, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жана Бишкек шаарында математика мугалими болуп эмгектенген. Анын кесиптик жолу жалпы билим берүүчү мектептерде мугалимдик менен гана эмес, Маяков атындагы кыз-келиндер педагогикалык техникумунда болочок мугалимдерди даярдоого кошкон салымы менен да өзгөчөлөнөт.
“Сиздин тажрыйбаңыз, билимиңиз, балдарга болгон чексиз сүйүүңүз – муундан-муунга калтырып келе жаткан баа жеткис мурас. Сизге кесипкөйлүктү гана эмес, чоң жылуулукту, чыдамкайлыкты да талап кылган асыл ишиңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазыбыз. Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, бакубат жашоо жана үй-бүлөңүздүн, ыраазы болгон окуучуларыңыздын курчоосунда узун өмүр сүрүшүңүздү каалайбыз”, - деди Адылбек Касымалиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүү, мугалимдик эмгектин ардагерлерин колдоо жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү маселелери сүйлөшүлдү.
Адылбек Касымалиев мамлекет мындан ары да мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөөрүн ишендирди. МинКаб Төрагасы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык иретинде Ракыя Калыковага 150 миң сомдук сертификат тапшырды.