02

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды

Бишкек, "Ынтымак Ордо", 2025-жылдын 2-сентябры - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында кезектеги реформа башталганын жарыялады.

Адылбек Касымалиев бул маселе өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, жеке ишкерлерди кайра каттоонун юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же иштин түрлөрүн өзгөртүүгө байланыштуу болгон бюрократиялык жол-жоболор ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда. 

"Бүгүнкү күндө ишкерлер салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече саатка кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Бул бизнести өнүктүрүү үчүн колдонула турган бир топ убакытты жана ресурстарды талап кылат", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул көйгөйдүн негизги себеби катары “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу арыздарды онлайн тапшыруу сервисинин жоктугу, ошондой эле салык органдары менен башка мамлекеттик органдардын ортосунда кол менен, кагаз жүзүндө маалыматтарды алмашуу болгондуктан, бул ишкерлердин мамлекеттик кызматтарга канааттануусунун төмөндөшүнө алып келет. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Салык төлөөчүнүн кабинетинде” кайра каттоо үчүн арызды толтурууга, ал жерге керектүү документтерди тиркөөгө, ошондой эле жол-жоболорду 1 күндүн ичинде бүтүрүүгө жана “Салык төлөөчүнүн кабинетинен” билдирүүнү алууга мүмкүндүк берген сервисти түзүү аркылуу жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин толугу менен онлайн форматка өткөрүү тапшырмасын берди.

Анын айтымында, онлайн форматты киргизүүнүн натыйжасында ишкерлердин убактысын үнөмдөп, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуугу жогорулап, салык органдарына баруу зарылчылыгы жоюлуп, 1 күндүн ичинде бүтүрүү менен процедуранын убактысы 5-10 мүнөткө чейин кыскарары күтүлүүдө. 

"Министрлер Кабинети ишкердикти өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат. Биздин максат - ыңгайлуу шарттарды түзүү, ишкерлердин убактысын жана ресурстарын үнөмдөө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы сапатын киргизүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоону онлайн форматка өткөрүү бул багытта маанилүү кадам болот деп ишенем”, - деп белгилеген Адылбек Касымалиев, 100 күндүн ичинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууну тапшырды.