02

Сентябрь

2025

2026-жылы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык иштери башталды

Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Ысык-Көл эл аралык форуму Кыргызстандын тарыхында маанилүү окуя болуп калганы жана кеңири эл аралык таанылууга ээ болгону баса белгиленди. Форум жазуучулар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер үчүн заманбаптын жана адамзаттын келечегинин негизги маселелери талкууланган абройлуу интеллектуалдык аянтчага айланды.

 Анын биринчи жыйынынан 40 жыл өткөндөн кийин, азыркы замандын глобалдык чакырыктарынын шартында юбилейлик форумду өткөрүүнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
«Бүгүнкү күндө дүйнө эл аралык мамилелердин терең кризисин башынан кечирүүдө жана блокторго кирбеген, жалпы адамзаттык гуманисттик мамиле аркылуу өнүгүүнүн жолдорун жаңыча түшүнүүгө муктаж. Талкуунун борборунда глобалдык Түндүк менен глобалдык Түштүктүн өз ара аракеттенүүсү, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллектти камтыган технологиялардын тездик менен өнүгүшү маселелери турушу керек. Мындан кырк жыл мурдагыдай эле Ысык-Көл форумуна бүткүл дүйнөгө таанымал ойчулдар, жазуучулар, окумуштуулар жана маданият ишмерлери чогулуп, адамзаттын алдында турган чакырыктарды талкуулап, жалпы келечек үчүн жаңы идеяларды сунушташы керек», – деп белгиледи Эдил Байсалов.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 2-августундагы № 256 буйругуна ылайык юбилейлик форумду даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, алардын ичинде мамлекеттик органдардын, академиялык коомчулуктун жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү өз сунуштарын айтышып, форумду эң жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.
2026-жылы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүү Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагындагы негизги окуялардын бири болуп, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошору белгиленди.