02
Сентябрь
Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасын бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасын бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ жашыл экономиканын принциптерин институционалдаштырууну күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү секторлору боюнча макро- жана микродеңгээлдерде жашыл интервенцияларды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, программанын индикаторлорунун матрицасы, өнүктүрүү программасынын ресурстук наркынын баасы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жана иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан уюмдарга (макулдашуу боюнча) иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарууну жана Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасынын индикаторлоруна жетишүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруусу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленди.