03
Сентябрь
2025
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командаларынын мелдешине барды
Бишкек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, 2025-жылдын 3-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Палестинанын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы мелдешине барды.
Бул мелдеш 23 жашка чейинки (U-23) курама командалар арасында 2026-жылы өткөрүлө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.
Мелдеш 2:1 эсебинде Кыргызстан курама командасынын жеңиши менен аяктады.