04

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.

Кабыл алынган документ боюнча Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдо көрсөтүлгөн зарыл чараларды көрүү боюнча иш алып барат. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.