05
Сентябрь
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда тоо-кен өнөр жайында колдонулуучу жардыргыч материалдарды чыгарган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты
Чүй облусу, 2025-жылдын 5-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районунда тоо-кен өнөр жайында, ошондой эле жер астындагы жана ачык шахталарда жардыруу иштерин жүргүзүүгө колдонулуучу жардыргыч материалдарды чыгарган “Учкун ВМ” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мындай ишкана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам экенин билдирди.
“Жардыргыч заттар — тоо-кен өнөр жайында, ошондой эле жер астындагы жана ачык шахталарда жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн колдонулат. Тактап айтканда, өзүңүздөргө белгилүү болгондой буга чейин “Кумтөр”, “Жер үй”, “Терек-Сай” сыяктуу ири кендерди, ошондой эле “Камбар-Ата-2 ГЭСин” курууда бул продукция керектелген. Мындан ары автожол курууда, ирригация тармактарында (БДР, БСР курууда) колдонулат. Ири көлөмдөгү, 700 млн сом инвестиция сарпталып, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн алдыңкы технологиялары менен курулган ишкананын келечеги жакшы болот деген бекем ишеним бар”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Маалым болгондой, жылына пландалган көлөмдө продукция өндүрүлсө бюджетке 95 млн сомго жакын салык түшөт. Ишкананы ишке киргизүү менен бул тармактагы адистер үчүн 100дөн ашык жумуш оруну түзүлөт. Кошумчалай кетсек, бул ишкана быйыл ишке киргизүү планына кирген 134 өнөр жай ишкананын бири, ишкананын расмий ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө болгон.