05

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын XXVII съездинде сөз сүйлөдү

Ысык-Көл облусу, 2025-жылдын 5-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (КПФ) XXVII съездинин ишине катышып, делегаттардын алдында сөз сүйлөдү.
 

Ал өз сөзүндө кесиптик бирликтер кыймылы коомдук туруктуулуктун эң маанилүү таянычы жана жумушчулардын укуктарын коргоонун натыйжалуу механизми экенин белгиледи. Анын айтымында, кесиптик бирликтер мамлекет, иш берүүчүлөр жана жумушчулардын ортосундагы байланыштыруучу байламта болуп, ошондой эле татыктуу эмгек акыны, коопсуз эмгек шарттарын жана социалдык коргоону камсыздоодо негизги ролду ойношу керек.
 
 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мамлекеттин стратегиялык максаты жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу экенин, бул жогорку квалификациялуу жумушчу күчүсүз мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ошол эле учурда, Байсалов белгилегендей, бир катар тармактарда – кийим тигүү, курулуш, жол чарбачылыгында – жергиликтүү кадрлардын жетишсиздиги, ал гана эмес квалификациясы жок жумуштарды көбүнчө чет элдик мигранттар ээлешет.
 
 "Бул кесиптик даярдыктын деңгээлинде жана эмгек тартибинде гана эмес, ошондой эле эмгек акы, турак-жай жана социалдык кепилдиктер маселелеринде. Бул жерде кесиптик бирликтер негизги ролду ойношу керек", - деди ал.
 
 Эдил Байсалов кесиптик бирликтер менчикти пайдалануу маселесине да көңүл бурду. Ал белгилегендей, акыркы он жылда эмгекчи муундар тарабынан түзүлгөн активдердин бир бөлүгү ысырап болуп, менчиктештирилип кеткен. Бүгүнкү күндө мамлекеттин аракети жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен бул мурастарды элге кайтаруу иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, Жергалаң, Жалал-Абад жана башка аймактардагы курорттор кайрадан иштеп, эмгекчилердин кызыкчылыгына кызмат кыла баштады.
 
 Ошондой эле, Министрлер Кабинети, Иш берүүчүлөр ассоциациясы жана Кесиптик бирлдиктер федерациясы тарабынан кол коюлган 2025-2027-жылдарга карата Башкы үч тараптуу макулдашуу тууралуу айтылды. Бул документ социалдык жана эмгек мамилелерин координациялоону жөнгө салууга, сүйлөшүүлөрдүн маданиятын чыңдоого жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
 
 "Кесиптик бирликтер кайрадан коомду, мамлекетти жана бизнести бириктире алган реалдуу күчкө айланат деп күтөбүз. Биргелешкен аракет менен гана ар бир жарандын татыктуу келечегин камсыздай алабыз", - деп белгиледи Эдил Байсалов.
 
 Маалымат үчүн.
 Кыргызстандын кесиптик бирликтери кыймылынын бир кылымдан ашык тарыхы бар. Алгачкы кесиптик бирикмелер 1905-жылы түзүлүп, алардын арасында Кызыл-Кыядагы “Тоо-кен жумушчусу” бирикмеси да бар. 1925-жылы Кыргызстан кесиптик бирликтеринин I Уюштуруу съезди болуп, ал кыймылды институтташтыруунун негизги этабы болуп калды.
 
 Бүгүнкү күндө Кесиптик бирликтер федерациясы ар түрдүү тармактардын жумушчуларынын уюмдарын бириктирип, мамлекет жана иш берүүчүлөр менен социалдык диалогдун тең укуктуу катышуучусу, эмгекти коргоо, социалдык коргоо, кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча программаларды ишке ашырууда.