05
Сентябрь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев КМШнын Экономикалык кеңешинин 107-жыйынына катышты
Тажикстан Республикасы, Душанбе, 2025-жылдын 5-сентябры – Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 107-жыйынына катышты.
Тар жана кеңейтилген курамда өткөрлгөн жыйында КМШ алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.
Анда негизинен 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого бурулуп, соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча практикалык кадамдарга басым жасоо менен негизги экономикалык күн тартиби боюнча пикирлер макулдашылды.
Отурумдун жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин практикалык кызматташуусун бекемдөөгө жана өз ара сооданын өсүшү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Экономикалык кеңештин бир катар чечимдерине кол коюлду.