06

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу, Кыргыз Республикасынын суу чарба тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Суу чарбасынын башкармалыгын түзүү тууралуу тарыхый чечим суу ресурстарын башкаруунун татаал системасын өнүктүрүүгө негиз болду. Мындан туура 100 жыл мурда, 1925-жылдын 25-апрелинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу комитети аймактык структураларды, анын ичинде Суу чарба башкармалыгын түзүү боюнча тарыхый чечим кабыл алган. Бул система кылым бою элибизге кызмат кылып келет. Ири масштабдагы мелиорациялык долбоорлор доорунда башталган бул кылымдык жол үзгүлтүксүз эмгектин, илимий ойлордун жана өлкөбүздү жашоо үчүн зарыл болгон суу ресурстары менен камсыздоо ишине берилип кызмат кылуунун символу болуп калды.

Суу ресурстары – өлкөбүздүн жашоосунун негизи  жана стратегиялык байлыгы. Аларды туура жана натыйжалуу пайдалануу айыл чарбасынын, энергетиканын, өнөр жайдын туруктуу өнүгүүсүнө, экологиялык коопсуздукка жана ар бир жарандын бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир этет.

Сиздер ушул баа жеткис улуттук байлыкты башкарууга – өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү ишке өзүңүздөрдүн эмгегиңиздерди арнап келесиздер. Сиздердин ишиңиздер – өлкөбүздүн туруктуулугунун жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн башкы тиреги. Сиздердин кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана берилгендик менен калктуу конуштарга таза суу үзгүлтүксүз жеткирүү, айыл чарба жерлерин сугаруу, гидроэлектростанциялардын иштеши, тоолорубуздагы назик экосистемасынын сакталышы камсыздалууда. 

Министрлер Кабинети сиздердин мамлекеттик суу саясатын ишке ашырууга, инфратүзүмдү жаңылоого жана инновациялык технологияларды киргизүүгө кошкон салымыңыздарды жогору баалайт. Азыркы климаттык чакырыктар шартында суу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сиздердин туура жана тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу жөндөмүңүздөр абдан маанилүү. 

Сиздерге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү жана ардактуу милдетиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр мындан ары да Кыргызстандын экономикалык потенциалын бекемдөөгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга кызмат кыла берсин!

Майрамыңыздар менен!”.