08
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин ведомствонун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин ведомствонун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Өткөн жыйырма жыл ичинде Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы өлкөнүн каржы жана экономика коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук системанын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Жогорку кесипкөйлүк, талдоо жөндөмү жана принципиалдуулук позиция менен сиздер терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүдө маанилүү милдеттерди ийгиликтүү аткарып, өлкөбүздүн каржы системасына болгон ишенимди бекемдеп жатасыздар.
Бүгүнкү күндө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы – бул мекенибиздин ведомстволору жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташкан абройлуу орган. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга кошкон салымыңыздар жогорку баага татыктуу.
Кызматтын пайдубалын түптөгөн ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Дал ушул сиздердин тажрыйбаңыздар жана ишке берилгендигиңиздер бүгүнкү ийгиликтердин негизин түздү. Мындан ары да сиздер милдеттериңиздерди урмат-сыйга татыктуу аткарып, каржылык айкындык институттарын бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошо бересиздер деп ишенем.
Бардык жамаатка бекем ден соолук, түгөнбөс күч-кубат, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайм.
Мааракеңиздер куттуу болсун!”.