10
Сентябрь
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 10-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде аны мындан ары кеңейтүү перспективалары талкууланды. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банкка көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоодогу маанилүү ролун баса белгиледи.
«Дүйнөлүк банк биздин долбоорлорду каржылоо жаатында алдыңкы орунда турат жана бул колдоо стратегиялык максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер Кабинетинин башчысы экономиканын туруктуу өсүү динамикасын белгилеп, акыркы үч жылда ИДПнын өсүшү орточо эсеп менен 9,0%ды түзгөнүн, ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айлары аралыгында 11,5%га жеткенин билдирди.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык прогресске умтулуусун баса белгилеп, 2030-жылга карата ИДПны 30 миллиард АКШ долларынан кем эмес көлөмгө жеткирүү пландарын айтты. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын негизги жоболоруна токтолуп, анда өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, мисалы, индустриялаштыруу, аймактык хабды түзүү, айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү, «жашыл» энергетика, Камбарата ГЭС-1 куруунун стратегиялык долбоорун ишке ашырууга өзгөчө басым жасалган.
Наджи Бенхасин өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлорду колдоону улантууга даярдыгын билдирип, тараптардын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргыз Республикасынын экономикасынын таасирдүү өсүү темпи эл аралык инвесторлордун кызыгуусун жаратып жатканын баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө жалпы ишеним билдиришти.