13
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Токмок шаарындагы балык чарбасына барды
Токмок ш., Чүй облусу, 2025-жылдын 13-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарында жайгашкан балык чарбасына барды.
Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев балык өстүрүү технологиялары, өндүрүш процесси жана балык өстүрүү секторун өнүктүрүү келечеги менен таанышты. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев балык уулоо тармагын өнүктүрүү өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Ал мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын белгиледи.
МинКаб Төрагасы балыкты ички керектөө өсүп жатканын белгилеп, өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу жана Кыргызстандын бул багыттагы позициясын бекемдөө үчүн ата мекендик өндүрүштү мындан ары да стимулдаштыруу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз балык продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды киргизүүнүн жана өндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.