15

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Ханзаада Рахим Ага Хан V менен жолугушуусу болду 

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 15-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Ханзаада Рахим Ага Хан V менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Ханзаада Рахим Ага Хан Vди жылуу кабыл алып, ага өлкө Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтты.

Ал ошондой эле архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрүү жери катары Кыргызстанды тандап алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү зор ролун, өзгөчө анын экономиканын түрдүү тармактарында жана социалдык чөйрөдө маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи.

МинКаб Төрагасы ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин ишмердүүлүгүнө токтолду, анын айтымында, ал Кыргызстандын жана бүткүл региондун жаштарына сапаттуу билим алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Борбор Азия университетинин өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарынын өнүгүшүнө салым кошуп, Нарын облусунун социалдык-экономикалык тармагына тийгизген оң таасири белгиленди.
 
Өз кезегинде Ханзаада Рахим Ага Хан V жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Андан соң архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгына арналган жаңы почта маркасын мөөр басуу аземи болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Уюмдун кызматташтыгына канааттангандыгын билдиришип, мындан ары ар кандай багыттар боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.