15

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолукту

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 15-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусун, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Академиясынын ишмердүүлүгүн талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мыйзамдуулук, коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндө реформаларды улантууга даяр экенин, ошондой эле ЕККУнун долбоордук ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, Борбор Азиядагы аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анда Тери Хакала кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кошулган жери боюнча келишимге кол коюу процессин белгилеп, жакшы коңшулук дипломатиясынын маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушуунун соңунда Эдил Байсалов ЕККУнун атайын өкүлүнүн иш сапары эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өбөлгө болорун белгилеп, ЕККУ менен ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин ырастады.