15

Сентябрь

2025

Түркиянын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында жогорку даражалуу коноктун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясыын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу пландалууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйыны өткөрүлөт, анда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашат.

Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Түркиянын Вице-Президенти бизнес-форумга, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.