16
Сентябрь
Туризм тармагы 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында туруктуу өсүш көрсөттү
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча туризм тармагы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мминистрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Анын айтымында, туризм тармагындагы кошумча дүң нарк 30,1 млрд сомдон ашты, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29%га көп.
"Туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 2,7 эсеге өсүп, 11,3 миллиард сомду түздү. Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч болгону 4,2 миллиард сомду түзгөн. 2025-жылы Кыргызстандын туризм тармагы бир катар эл аралык рейтингдерде жана сыйлыктарда жогорку бааларга ээ болду: Кыргыз Республикасы абройлуу Financial Times журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 50 туристтик багыттын катарына кирген. Жайкы туристтик мезгил аяктады. Эми кышкы туристтик мезгилге даярдыкты баштоо керек”, – деди Адылбек Касымалиев.