16
Сентябрь
Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында 2025-жылдын 18-сентябрында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу өткөрүлөт.
Жолугушууга Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.