16
Сентябрь
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жыйын өткөрдү
Бишкек шаары, Ынтымак Ордо – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан эл аралык темир жол куруу боюнча стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Маалым болгондой, убактылуу электр чубалгыларын тартуу жана кирүүчү жолдорду куруу иштери аяктап жатканы белгиленди, учурда өндүрүштүк объектилерди куруу жана курулуш базасын даярдоо иштери жүрүп жатат.
Отурумда, өзгөчө коммуналдык инженердик маселелерге көңүл бурулду (электр чубалгылары, газ жана суу куурлары, телефон кабелдери жана башка тармактар).
Ошондой эле, темир жол куруудагы жер маселелери жана башка актуалдуу маселелер өзүнчө каралды. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев инженердик коммуникацияларды өткөрүү боюнча иштерди тездетүү, курулуш үчүн жол жээктерин тазалоону камсыз кылуу, долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жер участокторун берүүнү аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди.