17
Сентябрь
Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди
Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди. "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаздын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.