17

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 17-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кесиптик ишинде ийгилик жаратып өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотаны, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгини, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкышты тапшыруу аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстан жогору карай өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөнүн, 2025-жылдын ичинде ИДПнын өсүү темпи дайыма 11 пайыздан жогору болуп, консолидацияланган бюджет боюнча жылдык план толугу менен 8 айдын жыйынтыгы менен аткарылганын, жыл аягына чейин 1 триллиондук көрсөткүч болоорун айтты. Анын арты менен жүздөгөн курулуштар жана өндүрүштөр ачылып жатканын, алардын баарында ак ниет иштеген ар бир кызматкердин, бизнестин, акылын берген ардагерлердин эмгеги жатканын билдирди.

“Бүгүн сиздер үчүн да, биз үчүн да кубанычтуу күн. Эмгектин алдыңкылары, Мекенибиздин күжүрмөн адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана алкышына татып отурат. Бүгүнкү сыйлангандардын арасында коомубуздун ар түрдүү катмарынын өкүлдөрү барсыздар. Интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, аймактарда иштеген муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери, курулушчулар, геологдор, укук коргоо, жазаларды аткаруу, сот өкүлдөрү бар. Урматтуу бизнес өкүлдөрү, сиздер дайыма эсибиздесиздер. Бүгүн бизнес өкүлдөрүнөн айдоочулардан тартып, директорлоруна чейин отурасыздар. Көбүңүздөрдү тааныйм, баарыңыздардын атыңыздарды айтсам жарашат, бирок убакыт тар. Баарыңыздарды жалпы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан алган сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Башкысы бизде ырыс алды – ынтымак дегендей, бекем ынтымак болсун, жерибизде тынчтык болсун. Мекенге ак кызмат өтөй бериңиздер!”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Министрлер Кабинетинин атынан сыйлыктар – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн майрамдоого байланыштуу тапшырылды.