17
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 17-сентябры - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрына пландаштырылган ТМУга мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.
Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.