17
Сентябрь
2025
Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Бишкек шаары, "Ата-Бейит", 2025-жылдын 17-сентябры – Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда вице-президент Жевдет Йылмаз 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар, ошондой эле кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду.