18
Сентябрь
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү
Бишкек, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы, 2025-жылдын 18-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Өкмөттөр аралык комиссия мамлекеттер аралык стратегиялык өнөктөштүктү жана бир туугандык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойнойт.
“"Биздин жалпы максатыбыз – жакынкы келечекте өлкөлөрүбүздүн лидерлери тарабынан коюлган эки тараптуу сооданын көлөмүн 5 миллиард долларына жеткирүү максатына жетүү. Биз биргелешкен логистикалык борборлорду жана сертификациялык сайттарды түзүүнү сунуштайбыз, бул Кыргызстандын продукциясы Түркиянын рыногуна гана эмес, Түркия аркылуу Европанын рынокторуна дагы тез жана ишенимдүү чыга алат. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган жана анын негизги багыттарынын бири Регионалдык Хабды түзүү болуп саналат. Инвестицияларга келсек, бул тармак динамикалуу өнүгүп жатканын белгилей кетүү керек. Түркия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган алдыңкы өлкөлөрдүн бири бойдон кала берээрин өзгөчө белгилегим келет”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгынын туруктуу өнүгүшүнө токтолуп, Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы бул жааттагы жемиштүү кызматташтыктын жаркын мисалы экенин айтты. Аталган мекеме адам органдарын трансплантациялоо менен Кыргызстандын элине сапаттуу кызмат көрсөтөт. МинКаб Төрагасынын айтымында, түрк тарап менен бул жаатта кызматташууну улантуу боюнча келишим түзүлдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоонун маанилүү багыттарынын бири аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү экенине токтолуп, “бир тууган шаарлардын” санын көбөйтүү менен шаарлар менен райондордун түз байланышын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз өкмөттөр аралык комиссиянын меймандостугу жана жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн оң динамикасын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды белгиледи. Вице-президент көптөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле өлкөгө түрк инвестициясынын мындан ары да көбөйүшүнө ишеним билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө тармактык темалар боюнча да баяндамалар угулду.
Отурумдун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар маселелер талкууланып, кызматташуунун негизги багыттары боюнча жетишкендиктер белгиленди. Тараптар жетишилген бардык макулдашууларды тез арада ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.
Өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынынын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын камтыган жаңы Иш-чаралар планы даярдалды.
Документте экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү жана башка тармактардагы иш-чаралар камтылган.
“Биз экономикалык кызматташуубузду сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө умтулабыз”, - деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.
Андан соң жыйынтыктоочу документтерге кол коюу аземи өттү:
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын Протоколу; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркия Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министрлигинин Жер каттоо жана кадастр башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркия Республикасынын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо уюмунун (KOSGEB) ортосундагы иш-чаралар планы.