18

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз бизнес-форумга катышты

Бишкек шаары, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, 2025-жылдын 18-сентябры – Кыргыз-түрк бизнес форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз катышты. 

Белгилей кетсек, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий жумуш сапары менен келген.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, акыркы беш жылда Түркиядан Кыргызстандын экономикасына келген түз инвестициянын жалпы көлөмү 1 миллиард 449 миллион доллардан ашты. Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2,3 миллиард доллардан ашты. 

"Бул көрсөткүчтөр биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканын жана аларды мындан ары тереңдетүү үчүн олуттуу инвестициялык потенциалды көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда түрк капиталынын катышуусунда 3 миңге жакын компания ийгиликтүү иштеп, миңдеген жарандарды жумуш менен камсыз кылууда. Бул экономикалык кызматташуунун реалдуу натыйжасы. Биз бул аракеттерди жогору баалайбыз жана кызматташуубуз мындан ары да кеңейе берерине ишенебиз", - деген ал кыргыз-түрк кызматташтыгы билим берүү, илим, маданият жана медицина тармагында да ийгиликтүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Адылбек Касымалиев өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган реформаларга токтолду: административдик тоскоолдуктар кыскарууда, бюрократиялык реформа ишке ашырылууда, мамлекеттик кызматтар толугу менен санариптештирилүүдө, салык жана бажы системалары жөнөкөйлөштүрүлүп, инвесторлорду коргоо чаралары күчөтүлүүдө. 

“Биздин өлкө жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика (энергиянын кайра жаралуучу булактары), транспорт жана логистика, туризм, тоо-кен өндүрүшү жана курулуш, маалыматтык технологиялар жана санариптик экономика сыяктуу тармактарда олуттуу потенциалга ээ. Бул багыттар боюнча биз Түркия Республикасын негизги стратегиялык өнөктөш катары карайбыз”, - деген ал Кыргызстан санариптештирүү, исламдык каржылоо, финтех, билим берүү, киберкоопсуздук, блокчейн сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорго ачык экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Түркиянын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз өз сөзүндө Кыргызстанга болгон расмий сапары жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйыны мыкты уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Түркия Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Бизнес-форумга 40 кыргызстандык жана 30га жакын түрк фирмасынан 200гө жакын ишкери катышууда.