18

Сентябрь

2025

Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусу башталды

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 18-сентябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусу башталды. 

Алгач, жолугушуу башталаар алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев делегация башчыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ынтымак Ордо” Администрациясынын имаратынан тосуп алып салашдашты. 

Андан соң, ТМУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президентинин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин жолугушуу боло турган сүйлөшүү залына өтүштү. 

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусуна – Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун алкагындагы артыкчылыктуу багыттарды экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу маселелер каралат. Ошондой эле, ТМУ алкагында буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана ишмердүүктүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат. 

Кошумчалай кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусун ТМУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык ЖМКнын 90дон ашуун  өкүлү маалыматтык жактан камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.  

Маалымат үчүн. 

Түрк мамлекеттеринин уюму – Азербайжанды, Казакстанды, Кыргызстанды, Түркияны, Өзбекстанды бириктирген түрк мамлекеттеринин эл аралык кызматташтык уюму. ТМУнун негизги максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.