18

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусуна катышты

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 18-сентябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/ Вице-президентинин жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып сөз сүйлөдү. 

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ТМУ алкагында алгачкы жолу Өкмөт башчыларынын жолугушуусун уюштуруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин жана кесиптештерине Кыргыз Республикасынын бул демилгесин колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле, ТМУнун Өкмөт башчыларынын жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы практикалык кызматташтыктын жаңы барагын ачып, Уюмдун алкагында артыкчылыктуу тармактарда кызматташууга кошумча түрткү берерин билдирди. 

“Соңку жылдары Түрк мамлекеттер уюму диалогдук аянтчадан жаңы түзүмү жана механизмдери бар ири аймактык уюмга айланды. Башкача айтканда, түрк интеграциясы жалпы кызыкчылыктарга таянуу жана катышуучу мамлекеттердин ар биринин муктаждыктарын эске алуу менен ишенимдүү түрдө алдыга жылууда. Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан эл аралык чөйрөдө Түрк мамлекеттер уюму өзүнүн геосаясий маанисин жана турукташтыруучу ролун бекемдөө үчүн чоң потенциалга ээ. Глобалдык чакырыктардын өңүтүндө ТМУ күч-аракеттерди координациялоо жана бул маселелерди чечүү үчүн бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча катары боло алат. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмундагы төрагалыгы ТМУнун стратегиялык документтери болгон “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” программасына жана “2022-2026-жылдарга карата Түрк мамлекеттер уюмунун Стратегиясына” багытталып, тийиштүү артыкчылыктуу тармактарга басым жасалган”, - МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле, Кыргызстан ТМУ алкагында өз ара сооданы көбөйтүүгө, ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду, өзгөчө келечектүү жана тез өнүгүп жаткан тармактарды колдоого кызыкдар экенин белгиледи. 

“Белгилей кетсек, Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна кирген мүчө-мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 2024-жылында 2 миллиард 427 миллион долларын түздү. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында интеграциянын жана кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу көп айтабыз. Чынында эле, бизде эбегейсиз зор потенциал бар. Бирок, учурда сөздөн ишке өтүүгө убакыт жетти деп ойлойм. Бүгүнкү күндө Уюмдун алкагында кызматташуунун 40ка жакын багыттары бар, көптөгөн жыйындар, жолугушуулар, форумдар, конференциялар өткөрүлүүдө. Бирок, бул жолугушуулар формалдуу мүнөзгө ээ болбошу зарыл. Ошондуктан, ТМУ ишмердүүлүгүнүн практикалык таасири элдин деңгээлинде жаңы жумуш орундары, жакшыртылган инфраструктура, билимге, саламаттыкты сактоого, энергетикага жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүк түрүндө сезилерлик болушу керек деп эсептейм”, - деди Адылбек Касымалиев. 

МинКаб Төрагасы кесиптештеринин Түрк инвестициялык фондун түзүү  боюнча сунушун өзгөчө кубаттарын билдирди. Бирок мындай структураны түзүү гана маанилүү эмес, пайдалуу жана керектүү долбоорлорду практика жүзүндө өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи. 

“Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынын быйыл Бишкек шаарында өткөрүү демилгесин колдооңуздарга ишеним артам. Экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн Түрк инвестициялык фондунун ишке киришинен тышкары, Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Соодага көмөктөшүү комитетинин ишмердүүлүгү чоң мааниге ээ. Бул түзүмдөрдүн ишкердик жигердүүлүккө көмөктөшүү, соода тоскоолдуктарын жоюу жана бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча чоң дарамети бар”, - деди ал.

Экономикалык өз ара аракеттешүүнү системалуураак кылуу максатында, Кыргызстан ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда экономика, соода, инвестиция жана каржы тармагында кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун сунуштаган.

МинКаб Төрагасы тез технологиялык прогресстин шартында санариптештирүү, жасалма интеллект жана инновациялар тармагындагы кызматташтык түрк дүйнөсүнүн мамлекеттери үчүн өтө актуалдуу болуп жатканын кошумчалады.

“Кыргызстан санариптик интеграцияга жана “санариптик түрк мейкиндигин” өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ырааттуу колдоп келет. Санариптештирүү жарандардын жашоосун жеңилдетип гана тим болбостон, экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланышты чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Акыркы жылдары Кыргызстан бул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишти. Маселен, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун электрондук өкмөт рейтингинде 101-орундан 78-орунга көтөрүлдү, Санариптик кодекс кабыл алынды, өлкөнүн “Түндүк” колдонмосу жарандарга 170тен ашык санариптик мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө”, - деди ал. 

Өткөн жылы Бишкек саммитинде ТМУга мүчө мамлекеттеринин ортосунда санариптик экономика чөйрөсүндө өнөктөштүк жөнүндө Макулдашууга кол коюлган жана бул бирдиктүү санариптик мейкиндикти калыптандырууга карай маанилүү кадам болду. Ал электрондук коммерцияны, санариптик платформаларды жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз түздү. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы быйыл Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылууда жана учурдагы төрагасы катары экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоодо. 

“Төрагалык биз үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдет болду, биз Уюмду өнүктүрүүгө практикалык салым кошууга умтулдук. Жыл ичинде Кыргызстанда ар түрдүү деңгээлдеги бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлору демилгеленди. Биз бардык мүчө мамлекеттерге бул процесске активдүү катышкандыгы жана конструктивдүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баштаган ишибиздин баары мындан ары да жигердүү уланат деп ишенем. Активдүү жана конструктивдүү талкуулар үчүн бүгүнкү жыйындын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем”, - деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Ошондой эле, ТМУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары – Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов сөз сүйлөшүп, мындай диалог кызматташтыкты тереңдетүү, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди өнүктүрүү аянтчасы катары Түрк мамлекеттер уюмунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун тастыктарын билдиришти.

ТМУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары алдыда чоң милдеттер турганын, аларды ийгиликтүү чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдиришти. Түрк дүйнөсүнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн идеяларды жана демилгелерди далилдүү долбоорлорго жана реалдуу жыйынтыктарга айлантып, биргелешип иштөөнү улантуунун маанилүүлүгүн билдиришип, Өкмөт башчыларынын жолугушууларынын форматы региондогу өнөктөштүктү жана интеграцияны өнүктүрүүгө мындан ары да салым кошот деген ишенемдерин айтышты. 

Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусунун соңунда боюнча жыйынтыктоочу Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.