19
Сентябрь
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү
Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 19-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.
Белгилей кетсек, бул координациялык кеңеш – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.
Отурумда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясынын алкагында жүргүзүлгөн азыркы климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан баяндама угулду.
Тагыраагы өндүрүш жана башка объекттерден абага буу менен (парник газы) бөлүнүп чыгарылган газды азайтуу, аны сиңирүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптация боюнча максаттарды аныктаган баяндама каралып, Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Ал документ – Улуттук деңгээлде аныкталган салым жана биринчи Эки жылдык ачыктык (транспаренттүүлүк) боюнча отчет.
Министрлер Кабинети климаттык саясатты 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында да камтыган. Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын жетишкендиктери жакынкы арада өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-жылдык мааракелик сессиясында белгиленет.