20

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда 300 жумуш оруну түзүлгөн заманбап тигүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Чүй облусу, 2025-жылдын 20-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда заманбап “KG TEX” тигүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Белгилей кетсек, бул тигүү ишканасы быйыл ишке киргизүү планына кирген 134 өнөр жай ишкананын бири, ишкананын расмий ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө болгон. 

Маалым болгондой, бул ишкананын ачылышы аркылуу 300 жумуш оруну түзүлүп, аймактын экономикасына жана өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Бардык заманбап техникалар менен жабдылган ишканада жумушчулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Тигүү ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу айына 100 000 даанага чейин кийим чыгарууга мүмкүндүгү бар. Чыгарылган продукция ички рынокто гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко чыгат.

Бул долбоор – мамлекет, бизнес жана өнөктөш тараптардын, атап айтканда, Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун (АКӨФ) кызматташтыгынын негизинде ишке ашырылды. Өнүктүрүү фонду ишкананы ачуу үчүн 930 000 доллар өлчөмүндө инвестиция салган. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 2 миллион доллар.

Ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул сыяктуу жаңы өндүрүштүк объекттерди ачуу — Министрлер Кабинетинин жылына 100 өнөр жай объектисин ишке берүү демилгесинин алкагында ишке ашып жатканын, 2025-жылдын ичинде пландалган 134 ишкананын ичинен 76сы колдонууга берилгенин билдирди. Үстүбүщдөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча тигүү өнөр жай тармагындп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өсүш байкалууда. Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы — мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөрдүн жигердүү кызматташтыгынын натыйжалуулугу белгиленди.