22
Сентябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти Абдулхамид Аль-Халифа менен жолугушту
Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 22-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, өлкөгө биринчи жолу иш сапары менен келген ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти доктор Абдулхамид Аль-Халифа менен жолугушту.
Жолугушууда МинКаб башчысы акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи орточо эсеп менен 9,0 %ды, ал эми ушул жылдын 8 айында ИДПнын өсүү темпи 11,0 %ды түзгөнүн, 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн кеминде 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүнү пландаштырылганын белгилеп, жакында кабыл алынган 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында индустриялаштыруу, региондук хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика өңдүү төрт өнүктүрүү вектору аныкталганын кошумчалады.
“Өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы байкалууда. Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мындан аркы инвестициялардын зарылдыгын баса белгилейт. Учурда Камбарата ГЭС-1 долбоору боюнча олуттуу жылыштар бар, ал Борбор Азиядагы негизги энергетикалык долбоор болуп саналат”, – деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти доктор Абдулхамид Аль-Халифа жылуу кабыл алгандыгы үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге ыраазычылык билдирип, эки тараптуу инвестициялык жана финансылык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыктар экенин белгиледи.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун кызматташтыгынын темпин мындан ары да жогорулатуу маанилүүлүгү белгиленди.