23

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту

Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 23-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) ишке ашырылышын, ошондой эле экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашты.
 
 Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын экономикасы тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи:
 - акыркы үч жылда ИДП өсүү темпи орточо эсеп менен 9 %ды, 2025-жылдын 8 айында – 11 %ды түздү;
 
 - 2030-жылга карата ИДП көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес деңгээлге жеткирүү пландаштырылууда, бул 2024-жылдын көрсөткүчүнөн 71 %га жогору.
 
ТӨМдүн улуттук өнүктүрүү программаларына интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулду. 217 индикатору бар көрсөткүчтөрдүн матрицасы бекитилген, анын негизинде прогресске үзгүлтүксүз   мониторинг жүргүзүлөт. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн олуттуу көбөйүшү белгиленди, бул бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысынын, пенсиялардын жанажөлөк пулдардын өсүшүн камсыздоого, ошондой эле 2024-жылы калктын жакырчылык деңгээлин 4,1 пайыздык пунктка төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди.
 
Климаттык жана тоо күн тартибинин алкагында Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым (УДАС) жана Транспаренттүүлүк жөнүндө эки жылдык баяндама талкууланды.
 
Антье Граве кыргыз тарапты Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ТӨМгө жетүү боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди жана БУУнун системасы социалдык коргоо, гендердик теңчилик, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка негизги багыттар боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.