23

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казакстандын “Достык” ордени менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды.


Сыйлыкты Казакстан парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун алкагында өтүп жаткан “Маданий дипломатия — Боордоштукту бекемдөө жолунда” кыргыз-казак илимий – чыгармачыл интеллигенциянын тогузунчу форумунда тапшырды.