26

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар маселелер каралып маанилүү чечимдер кабыл алынды

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 26-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. 

Отурумдун күн тартибине ылайык алгач өлкөдөгү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү маселелери жөнүндө маалымат угулду. Баяндама Агартуу министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилери тарабынан жасалды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 1997 (286 жеке менчик) бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми, быйылкы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1 млн 536 633 бала билим алууда. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. 

Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, 1-сентябрдан баштап 12-жылдык билим берүүнүн алгачкы балдары кабыл алынганын, окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлгөнү, Президенттин тапшырмасы менен ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо ишке ашырылып жатканын айтып, бир катар тапшырмаларды берди. 

“Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын. Курулуш министрлиги – Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, билим берүү имараттарын куруу боюнча башкы планды кайрадан карап чыгууну камсыз кылсын жана аларды учурдагы жарандык курулуш стандарттарына ылайык, заманбап инклюзивдик талаптарына  ылайык кайра түзсүн”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Андан соң, “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралып, долбоор тууралуу Финансы министрлигинин жетекчилиги баяндама жасады. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты. 

Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, 2025-жылдын жылдык планы толук аткарылганын, план боюнча 708 млрд сом коюлганын, январь-август айынын жыйынтыгы менен 749 млрд сом факт катары аткарылып, жылдын аягына чейин 1 трлн сом болоорун белгиледи. 

Ошондой эле, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктигинин жетекчилиги мамлекеттик тапшырыктын 2025-жылдын 8 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Агенттик тарабынан МинКабдын тескемесинин долбоору мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында даярдалган чечим талкуудан соң кабыл алынды. 

Мындан тышкары, жер мунапысынын маселелерин чечүү максатында даярдалган, “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Отурумдун соңунда, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин бул жолку жыйыны маанилүү болгонун айтып, бюджеттик мыйзамдардын долбоорун кароо болгонун, ошол эле учурда адам ресурстарын өнүктүрүүдө билим берүү системасынын, мамлекеттик-муниципалдык кызматтын орду сыяктуу маанилүү маселелер талкууланганын билдирип, кабыл алынган чечимдердин өз убагында аткарылуусун камсыз кылууну тапшырды.