27
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына расмий сапары болот
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына расмий сапары болот.
Расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Беларусь Президенти Александр Лукашенко жана Беларусь Премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, 29-30-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.